Бүгүн, 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Ортодогу достукту жана ишенимди баалап, биргеликте жигердүү иш алып барууга даяр экенин белгилеген өлкө башчы: “Дүйнөлүк саясатта көз карашын бекем кармаган Орусиянын акыркы 10 жылда жетишкен ийгиликтери сиздин атыңыз менен байланышкан. Коомдук-саясий абал курчуп турганда өлкөнүн тагдырын колуңузга алып, Орусиянын улуулугун кайтарып бере алдыңыз. Сизге бекем ден соолук, түгөнбөс кайрат жана Орусия элине тынчтык жана өнүгүүнү каалайм”,- деди.
Айта кетсек, Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда жарык дүйнөгө келген. Ал бүгүн 61 жашка толду.