Эртең, 28-январь Садыр Жапаровдун инаугурация аземи өтөт. Иш-чарага чет элдик меймандар да чакырылган

Эртең, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

"Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Инаугурация аземи Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт", - дешти мекемеден.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.

Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан