Садыр Жапаровдун инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтында LED-экран аркылуу түз көрсөтүлөт

"Ала-Тоо" аянтында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы түз эфирде онлайн көрсөтүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриядан билдиришти.

Азыркы тапта иш-чарага даярдык катары Манастын эстелигинин жанына LED-экран орнотуу үчүн металл конструкциялары орнотулуп жатат. Экрандан борбор калаанын коноктору салтанатты чоң экрандан көрө алышат.

Эске салсак, инаугурация 28-январда Улуттук филармонияда өтөт.

Инаугурация маалымат каражаттарынын катышуусуз өтөрү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан