Ош. Алматы жана Ош шаарынын жаштары атайын меморандумга кол коюшту

5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата шаардык мэриянын Жаштар иштери боюнча комитетинде Казакстандан келген жаштар өкүлдөрү болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош жана Алматы шаарынын жаштары жаштар саясаты боюнча меморандумга кол коюшту. Мындан сырткары коноктор шаар башчы Мелис Мырзакматов менен жолугушту. “Мындан ары биз алматылык жаштар менен пикир алышып, биргеликте семинарларды өткөрүп турабыз. Кийинки жылы биздин жаштар Алматы шаарында өтүүчү жаштар форумуна катышат”,- дейт аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан