Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев бүгүн, 7-октябрда Аксы районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу район борбору Кербен шаарында кинотеатрлардын биринде өтүп, ага 300дөй адам катышты. Муну бизге жыйындын катышуучуларынын бири Каныбек Жаныбеков билдирди. Саат 14:00дө башталган жолугушуу бир жарым саатка созулуп, Камчыбек Ташиев өзүнө карата козголгон кылмыш иши, соттук процесстер боюнча элге кенен маалымат берди. Ошондой эле өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча оюн айтты. Жолугушууга келген көпчүлүк суроо узатышып, экс-депутат баарына жооп берди. Жергиликтүү тургундун айтымында, жолугушууга чейин көпчүлүк Ташиевди эмоцияга алдырып, азыркы бийликти чектен аша сындайт деп ойлошуптур. "Бирок Ташиев жолугушуунун башынан аягына чейин өзүн салмактуу кармап отурду",- дейт Каныбек Жаныбеков.