Укук коргоо органдары "Эмилбек Каптагаев барымтага алынып, өрттөө үчүн машинасына бензин чачылды" деген маалыматты тастыкташа элек

Азыркы тапта облус башчы Эмил Каптагаев Караколдогу митингчилердин барымтасында жана аны өрттөө үчүн отурган унаасына бензин чачышты деген маалыматты эч ким тастыктаган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Эгерде өкмөттүн өкүлү барымтага алынгандыгы тууралуу маалымат тастыкталса, анда укук коргоо органдары Каптагаевди бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды кабыл алат. "Азырынча борбор калаадан күчтөрдү жөнөтүү талап кылынган жок. Митинг болуп жаткан жерде ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев бар. Ал кечээтен бери ошол жакта жүрөт. Абалды курчутуу максатында ушундай маалыматтарды таратышууда",- деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан