Президент болуп шайланган Садыр Жапаров филармонияга кирип келди. Ал Саякбай Каралаевдин манас айтуусунун коштоосунда кирип келди. Ошону менен катар эле ал Манастын эстелигинин алдына туруп таазим кылды.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө. Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЦР-анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.