Ысык-Көл облустук администрациясынын алдында азыр абал туруктуу. Азыркы тапта Караколдогу митингдин катышуучулары тарашкан жок. Алар күүгүмгө карабай, облустук телеканалдан сүйлөө үчүн эфирден убакыт бөлүп берүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү “Ысык-Көл толкуну” радиосунун жетекчиси Лола Кулинованын айтымында, митингдин лидерлери ушул тапта облустук телеканалдын имаратынын алдында турушат. Телеканалдын жетекчилиги эфирден убакыт бөлүүгө макулдугун бергени белгилүү болду.