Караколдогу митингдин катышуучулары тарашпай тургандыктарын айтышууда. Муну аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Борбордук аянтта топтолгондор талаптары аткарылмайынча турушарын билдиришти. Маалыматтарда митингдин лидерлери облустук телеканалдын алдына барышып, эфир талап кылышты жана ичкериге киришти.