"Караколдо абал туруктуу. Тартипти сактоого тартылган кишилердин так саны азырынча белгисиз, көзөмөлдөөгө жергиликтүү милициянын күчү жетет",-деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.
Бүгүн Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча келишимди жокко чыгаруу максатында нааразылык акциясы өтүп жатат. Катышуучулар облустук администрацияны эки жолу басып алууга аракет кылышып, аягында облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышты.