"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчилиги “Кумтөрдүн” айланасында жаралган кырдаал боюнча маалымат булактарына комментарий берүүдөн баш тартууда. Аталган ишкананын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров абал азыр оор экенин белгилеп: “Кандайдыр бир комментарий берип, абалды курчутуунун кажети жок”,- деди.