Кант диабети – дүйнөдө кеңири жайылган оору. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 2016-жылы Жер шарында 1,6 миллион адам кант диабетинен каза тапкан. Ал эми Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январына карата маалыматта аталган оору менен катталгандардын саны 58 873 адамга жеткен.
Кант диабети күчөп кетсе инфаркт, инсульт, бөйрөк ооруларына жана сокурлукка, буту-колдун кесилип калышына чейин жеткирет. Бул дарттын 2 тиби бар: инсулинге көз каранды жана инсулинге көз каранды эмес. Бүгүн инсулинге көз каранды эмес түрү (2-тип) тууралуу маалыматты сунуштайбыз.
Пайдалуу макаланы “Супер-Инфонун” жаңы, №948 санынан окуй аласыз.