Саруу айылында чогулуп жаткан эл менен сүйлөшүү үчүн Жети-Өгүз районунун 20 жетекчиси келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Акимдин милдетин аткаруучу Беккубат Имангожоев митингчилердин талаптарын угуп, бул маселелер укук коргоо органдары аркылуу чечилерин жана күнөөлүүлөр жазасын алышы керек экендигин билдирди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин расмий өкүлдөр кетишти, бирок чогулган эл жыйынтык чыкмайынча тарабай турганын билдиришүүдө. Караколдо 7-октябрдагы митинг учурунда катышуучулардын 30га жакыны ар түрдүү жаракаттарды алып, бирок ооруканага кайрылышпаганы белгилүү болду.