Токон Мамытов: "Караколдогу баш аламандыкты уюштурду деп кармалгандар бошотулбайт"

Караколдогу баш аламандыкты уюштурду деп кармалгандар бошотулбайт, алар боюнча чечимди сот гана чыгарат. Муну вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Аталган окуяга шектелип 23 жаран кармалган эле. Учурда Саруу айылындагы митингчилердин талаптарынын бири кармалгандардын баарын бошотуу болууда. Азыркы учурда Балыкчы-Каракол унаа жолунун Саруу айылындагы аймагы 2 жеринен тосулду. Митингдин катышуучуларынын айтымында, аталган айылдын төмөн жагына 2 тик учак келип атайын кызматтагы аскерлерди таштап кетти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан