Ырчы Анжелика кызы менен ооруканадан үйүнө чыгарылды

Кыздары, курбусу менен жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика бүгүн, 10-февралда ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.

Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. Академик Сабырбек Жумабеков Анжелика балдак менен басып баштаганын, ал эми анын улуу кызы Айыманын моюн омурткасына операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suban78
2021-02-10 14:55:25
Эч ким оорубасынчы. Баары уй булосу менен тынччылыкта, бактылуу омур сурушсун.
+3
Sara1993
2021-02-10 15:02:53
suban78,Аминь
0
ZALKARBEK.84
2021-02-11 09:01:12
Эң жакшы жаңылык экен. Эч ким оорубасын. Эми урматтуу Анжелика, үйдөөө эле отуруңузчу, тыныыып эле. Эл эс алсынчы. Башка шериктерңизге да айтып коюңуз э.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан