Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликаны жандандыруу бөлүмүнөн палатага которуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан билдиришти.
"Ырчынын абалы туруктуу, палатага которуу пландалууда. Ал эми анын 5 жаштагы кызына кечээ, 25-январда академик Сабырбек Жумабеков операция жасады", - дешти мекемеден.
Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция жасалган.