Кыздары, курбулары менен жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика эки айга чейин балдак менен жүрөт. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.
Ырчы жана анын кызы бир аптадан кийин ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.
Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.
Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон.