Аксыда быйылкы "Иштерман жылына" карата бир айлык жарыяланды
Жалал-Абаддын Аксы районундагы Жаштар борбору тарабынан "2013-жыл -Иштерман жылына" жана 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата бир айлык жарыялады. Бул аралыкта Жаштар борбору тегерек столдорду, тренинг, семинарларды, ар түрдүү акцияларды, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Алар бир айлыктын алкагында бүгүн, 8-октябрда Аксы педагогикалык колледжинде "Спорт - ден соолуктун булагы" деген ураандын астында мелдеш башталып, ага 150дөй студент жана окутуучулар катышууда. Ушул апта "Жаштар таза шаар үчүн!" аттуу акция өтөт. Акциянын жыйынтыгында тынчтык фестивалы өткөрүлүп, Жаштар күнү майрамдалат.