Жети-Өгүз райондук прокуратурасы Саруудагы баш аламандык боюнча кылмыш ишин козгоду

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы бүгүн, 8-октябрда Саруу айылындагы баш аламандык боюнча кылмыш ишин козгоду. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты. Кылмыш иши бийлик өкүлүнө карата "зомбулук", "мүлктү атайлап талкалоо" жана "бейбаштык" беренелери боюнча козголду. Айта кетсек, учурда Саруу айылында митинг уланууда, ал жерде 400дөй адам бар. Белгилүү болгондой, Балыкчы-Каракол унаа жолун тоскондор бүгүн прокуратура кызматкерлерине караштуу Хонда автоунаасын өрттөп салышты. Ошондой эле ал жерге барган Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоевге кол көтөрүшкөн. Учурда ишти Ысык-Көл облустук сотуна өткөрүп берүү маселеси каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан