Облус башчы Эмил Каптагаев Саруу айылындагы кырдаал боюнча жыйын өткөрүүдө. Саруулуктар жолду кайрадан тосушту

Учурда Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаев Саруу айылындагы кырдаал боюнча жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жыйын өткөрүп жатат. Муну обладминистрациянын маалымат катсысы Назира Муканбетова билдирди. "Жыйында Саруу айылындагы абал каралып жатат, эмне чечим кабыл алынары азырынча белгисиз",- дейт Муканбетова. Ал эми Саруу айылындагы митингчилер Балыкчы-Каракол унаа жолун кайрадан тосушту. Айта кетсек, саруулуктар 3 талап коюшууда.  

1. "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу жана 1993-жылкы келишимге кайтып келүү 

2. 7-октябрда Караколдогу тополоң боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жооп берүүсү  

3. "Кумтөр" маселеси боюнча бийлик тарабынан кармалган бардык адамдарды бошотуу  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан