Кыргызстан Орусияга "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин канын текшерүү боюнча кат жолдоду. Муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Садыгалиев 8-октябрдагы ЖКнын комитет жыйынында билдирди. Айтымында Батукаевдин ишин иликтөө аяктай элек. “Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында иштеген 40 киши сурактан өттү, Нарындагы №24-убактылуу кармоочу жайы, медициналык текшерүүлөр боюнча документтер, диагноздор, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, дарыгерлердин жана шаардык соттун ич ара байланыштары текшерилди. 26 медициналык кызматкер сурактан өттү”,- деди Садыгалиев
Август айында Башкы прокуратура Орусиянын укук коргоо органдарына Азиз Батукаевдин канын текшерүү боюнча кат жолдогонун жана азырынча жооп келе электигин кошумчалады ал.