Токон Мамытов: "Караколдогу баш аламандыкка күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек"
Ысык-Көлдөгү кырдаалды көзөмөлдөп, баш аламандыктарды жөнгө салууга жергиликтүү укук коргоо органдарынын күчү жетиштүү. Муну вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. "Караколдо баш аламандык уюштургандар деп кармалгандардын 17си азыр Бишкекте сурак берүүдө. Өкмөттүн позициясы - окуяга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жооп бериши керек. Тергөөнүн жыйынтыгына карата сот чечим чыгарат. Иликтөө иштерине өкмөт кийлигишпейт",- деди ал.