Саруу: Митингчилер тарашты

Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы жол тоскон митингчилер тарашты. Муну бизге митингдин катышуучуларынын бири кабарлады. Жергиликтүү тургундар эртең, 9-октябрда кайрадан чогулуп, бийликке талаптарын коюп турушат. Айта кетсек, эртең парламентте "Кумтөр" маселеси каралат. Тактап айтканда, депутаттар "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган жаңы меморандумду талкуулап бир чечимге келишет.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан