Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-октябрда "Кумтөр" боюнча чечим кабыл алат
Жогорку Кеңеште бүгүн, 9-октябрда "Кумтөр" маселеси боюнча саясий чечим кабыл алынат. Өкмөт сунуштаган меморандум талкууланып, депутаттар бир чечимге келишет. Эске салсак, бул меморандум өткөн аптада дагы ЖКнын жыйынында каралып, көпчүлүк депутаттар долбоор толук иштелип чыкпаганын айтышкан эле. Бүгүн, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришет.