Кыргызстан польшалык Ишкердикти өнүктүрүү агенттиги менен кызматташууга кол койду. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Польшанын Котовице шаарында өткөн кичи жана орто ишканаларынын 3-Европалык Конгрессинин алкагында кызматташтык боюнча документке кол коюлган. “Келишимдин негизинде Польша менен Кыргызстанда эмгектенген ишкерлер ортосундагы алаканы бекемдөө боюнча иш-чаралар, инвестицияны тартуу боюнча форумдар өтүп, «B2B» форматында жолугушуулар өтөт”,- деди Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Апасова. Мындан сырткары Кыргызстан жылына дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларга катышып келерин, быйыл кичи жана орто ишканаларынын 3-Европалык Конгрессине 30 өлкөдөн 3 миң киши катышканын кошумчалады.