ӨКМ: Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Узак убакытка созулган кургак аба ырайынан кийин 10-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет”,- деп билдирди ӨКМ.  

Аба ырайынын катаалдыгы өрөөндөрдө айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, жайыттарда малды кармоонуу кыйындатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.  

“12-13-октябрда Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде 0…-3°С үшүк жүрүшү күтүлөт, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу”,- деп маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан