"Өлкөдө баш аламандык уюштургандар күнөөсүз, аппак болуп чыгып, аларга алданган карапайым жарандар жоопко тартылып калышы мүмкүн",- деди президент Алмазбек Атамбаев түркиялык насыянын эсебинен келген техникаларды тапшыруу аземинде. Караколдогу митинг жана облус башчы Эмил Каптагаевдин барымтага алынышы боюнча: "Бензин чачып адамды өрттөөгө аракет кылуу бул чоң кылмыш",- деди президент. Ал эми түркиялык насыянын эсебинен төмөнкү техникалар келиптир:
49 экскаватор
7 бульдозер
7 кран
40 жүк жүктөөчү техника
30 жүк ташуучу автоунаа
55 жеңил автоунаа (пикап)
40 грейдер