Алмазбек Атамбаев: "Адамды барымтага алгандарга курал колдонуш керек"

"Адамды барымтага алган жарандарга курал колдонуш керек",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-октябрда Бишкекте түркиялык насыянын эсебинен келген техникаларды тапшыруу аземинде. Айтымында, Ысык-Көлдө болуп жаткан митингдердин максаты "Кумтөр" маселесин чечүү эмес. "Алардын максаты - кызматка жетүү үчүн өлкөнү туңгуюкка алып баруу. Жаштарды бирөөлөр пайдаланып жатат. "Кумтөрдү" колдогон митинг болсо, эмне үчүн облус башчысын барымтага алышат?"- деди өлкө башчы. Атамбаев митингчилер Эмил Каптагаев отурган унааны өрттөмөй болушканда от жаккыч (зажигалка) иштебей калганын кошумчалады. "Мага ушинтип айтышты, мындай учурда аларга курал колдонуш керек",- деди президент.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан