"Кумтөрдө" учурда 3000дей адам иштейт, орточо айлыктары 99 миң сом
"Кумтөр" ишканасында учурда 3000дей адам иштейт жана алардын орточо айлык акысы 99 миң сом. Муну 9-октябрдагы парламент жыйынында "Кыргызалтын" ишканасынын өкүлү билдирди. Ал эми кайсы тармакта иштегендердин айлыгы айтылбай турганын, бул коммерциялык сыр экенин билдирди. Депутаттардын "Кумтөрдө" иштеген айрым кызматкерлер 20 миң доллар маяна алат" деген маалыматына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев макул болгон жок. "Бул маалымат кайдан алынганын такташ керек, туура эмес маалымат айтылып жатат",- деди Сатыбалдиев.