Минтингди уюштургандарды кармоо үчүн күч органдарында телефондук сүйлөшүүлөрдү угуу укугу болуш керек. Бул тууралуу 9-октябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди. “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн бийлик өкүлүн барымтага алышып, баш аламандык уюштурушту. Бул террорчулук" деген мамлекет башчы: “Бейбаштык кылып жазасыз калабыз деп ойлошсо, жаңылышат. Баш аламандыкты уюштургандар жооп бериши керек. Барпы айылыбы же Саруу айылыбы, айырмасы жок. Чынында, бүт айыл деле эмес, чогулган адамдардын топтому. Ким каражат берип, арматура алып келип, болбогон убадаларды берип жатат? Алар көмүскөдө гана турушат. Аларды жоопко тартыш керек. Бизде демократия болгондуктан, телефондогу сүйлөшүүлөрдү угууга тыюу салынган. Көмүскөдөгүлөрдүн ордуна катардагы адамдар жооп берип жатат”,- деди ал. Мындан сырткары митингдер Кыргызстанды өнүктүрүү максатында эмес, талап-тоноо максатында уюштурулуп жатканын кошумчалады. “Май айындагы Жети-Өгүз районундагы митингдин уюштуруучулары түрмөдө отурушат. Бүгүнкү митингди уюштургандар да отургузулуп, жазаланышы керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.