"Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн 67 пайыз кылыш керек деген сөздүн артында, алтын кенин улутташтыруу маселеси жатат". Бул сөздү бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги иш-чаралардын бирине катышкан президент Алмазбек Атамбаев айтты. "Реалист болушубуз жана көзүбүздү ачышыбыз керек. "Центерра" жаңы биргелешкен ишкана түзүлсө, Кыргызстандын үлүшү 46 пайыз болот деп жатат. Эгер биз дагы 21 пайызды кошуп алабыз десек, "Центерра" бул акцияларды каяктан алат, түшүнбөйм. Бул соодалаша турган "Камеко" ишканасы эмес",- дейт Атамбаев.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.