Таластагы төө буурчак толугу менен экспортко чыгарылат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин сатуу коопсуздугу жана маркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков билдирди. Анын айтымында, аймактагы буурчакты экспортко чыгаруу менен 20 чет элдик фирма иш алып барууда. Жылына Түркия, Македония, Грузия, Орусия, Сербия жана Болгария мамлекеттери 60 миң тонна төө буурчакты алып кетишет. “Бул жылы 46,7 миң гектар аянтка төө буурчак айдалды. Учурда 43,5 миң гектар жерде жыйноо иштери аяктап, 76 миң тонна жыйналды. Сапатына жана түрүнө карата баалар 72-80 сом болуп жатат. 2012-жылы 34-50 сомдун тегерегинде сатышкан эле”,- деди ал. Мындан сырткары экспортко Кыргызстандан жер-жемиштер да чыкканын кошумчалады. “Пиязды экспорттоо 2013-жылы 2,5 пайызга жогорулады. Климаттык шарттар быйылкы жылдагы эгиндин мол болушуна шарт түздү. Буудайдын баасы көтөрүлбөйт”,- деди Жумабек Асылбеков