"Кумтөр" боюнча парламентке сунушталган меморандум - акыркы келишим эмес",- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында. Айтымында, бул документте негизги багыттар гана камтылды. "Меморандум эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Сүйлөшүүдөн кийинки багыттарды гана депутаттарга сунуштап жатабыз. Келишим түзөрдө маселенин башка жактары да каралат",- деди. Ал эми меморандумдун жетишкендиги боюнча: "Эгер "Кумтөр" боюнча 33 пайыз менен 50 пайыздын айырмасын билбесеңер, анда мен колумду көтөрдүм. Анда алтын кенин улутташтыралы. Келгиле, эртең ишкананы жабалы да, өзүбүз барып иштетели. Бирок буга даярбызбы?"- деди Сатыбалдиев.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.