Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 4 медицина кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Вирус аныкталган медицина кызматкерлеринин бардыгы Бишкек шаарында катталган.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4201 учур катталды, алардын ичинен 4132 медкызматкер сакайды.