Азыркы тапта Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев Саруу айылында чогулган эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 50-60тай жергиликтүү тургун 7-октябрда болгон Каракол шаарындагы баш аламандык учурунда кармалгандарды бошотууну талап кылышууда. Акимдин милдетин аткаруучу бул маселе укук коргоо органдары аркылуу чечилерин айтты.
Эске салсак, Саруу айылынын тургундары 7-октябрда "Кумтөр" боюнча жаңы меморандумга каршы нааразылык акциясын Каракол шаарында өткөрүшкөн. 8-октябрда Каракол-Балыкчы унаа жолун тосуп, өз талаптарын коюшту. Ал эми кармалгандар Бишкек шаарында сурак берип жатканы белгилүү болду.