Ош ШИИБинин өздүк курамы 8-октябрдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Мындай тартиптин киргизилишине Ысык-Көл облусунда болгон нааразылык акциялары себеп болду. Учурда Ош шаарынын аймагында коомдук-саясий абал тынч. Саясий акция өткөрүүнү каалаган жарандар тобу азырынча байкалган жок.