Жантөрө Сатыбалдиев: "Кумтөрдөгү" үлүшүбүздү 51 пайыз кылам деген адамга чуркап кызмат кылууга даярмын"

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо улантылууда. Депутат Кенжебек Бокоев өкмөт башчыга кайрылып: "Өткөндө "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшүн 51 пайызга чыгарам деген адамдын кагазын ташып, чайын куюп кызмат кылууга даярмын" дедиңиз эле. Муну менен ишканадагы үлүшүбүздү 50 пайыздан көтөрүлбөй турганын кескин түрдө айтып жатасызбы?"- деди. Өкмөт башчы ал айткан сөзүн моюнга алды. "Ооба, ал сөзүмдү азыр да айта алам",- деди өкмөт башчы. "Центерра" менен сүйлөшүүдөн кийинки жыйынтык  компромисттик чечим болгонун кошумчалады ал.

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан