Эртең, 10-октябрда Талас облусунда өтүүчү митинг учурунда коомдук тартипти 100 милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка таянсак, учурда шаарда абал туруктуу. Айта кетсек, эртең Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуев башында турган митинг өтүп, анда "Жер-Үй" алтын кени жана чек ара маселелери талкууланмакчы.