Бөдөш Мамырова, депутат: "Кумтөр" 2 кылмыштуу иш боюнча эле денонсациялап салса болмок"

"Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү 50 пайыздан ашпайт деп өкмөттүн токтоп калышын депутат Бөдөш Мамырова ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында сынга алды. "Кыргызстандын үлүшүн көтөрүү үчүн мурдагы келишимдерди жокко чыгарыш керек деп жатат. "Кумтөрдөгү" экологиялык жана коррупциялык кылмыштар менен эле келишимдерди жокко чыгарып салууга болот болчу. Эмне үчүн 50х50 дегенге келип токтодуңар?"- деди депутат. Өкмөт башчы буга мындай жооп узатты: "Үлүшүбүздү 52 пайыз кылалы дегенбиз. Бирок активдерди эсептесек, 46 пайыздан ашкан жок. Мындан кийин ортодо сүйлөшүү токтоп калды. Көз карандысыз экспертибиз айтты, "саясий сүйлөшүү жүргүзүп көрбөйлүбү" деп. Жыйынтыгында азыркы жыйынтыкка келдик. Активибиз жеткенде башкача жыйынтык болмок”. Сатыбалдиев ЖКнын жыйынына экс-спикер Кубанычбек Исабековдун эксперт катары катышып жатканын сынга алды. “Убагында “Кумтөр” боюнча кылмыштуу келишимдер түзүлүп жатканда “Мындан өткөн мыкты келишим болбойт. Президентке "Ак шумкар" наамын беришибиз керек” деген адамдарды бүгүн эксперт катары чакырып отурасыңар. Биздин эмнебиз мамлекет?”- деди өкмөт жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан