ӨКМнын бардык ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө 12-октябрда Ачык эшиктер күнү өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Акция Эл аралык кооптуу кырсыктардын санын азайтуу күнүн белгилөөнүн алкагында өтөт. Бул күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда коргоочулардын өздүк курамы жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшөт. “Коргоочулар менен биргеликте Ош технологиялык университетинин “Жашоо коопсуздугу” кафедрасынын студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт”,- деп билдиришти.