Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо уланып жатат

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо улантылууда. Суроо-жооп бүтүп, депутаттар өкмөт сунуштаган долбоорду талкуулоого өтүштү. Депутаттардын көпчүлүгү меморандумду колдобой тургандыгын билдиришүүдө. Алар долбоор кыргыз тараптын кызыкчылыгына толук жооп бербей турганын айтышты.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан