Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Өлкөнүн Орусиядагы элчиси дайындалды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 22-февраль, күнгө дүйшөмбү. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.

Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы?

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ачкачылык жарыялагандыгы жазылды. SUPER.KG порталына Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору Бакыт Рысбеков бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

"Биз Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялады деген имишти социалдык тармактардан окудук. Ал эми бизге жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири байланышка чыкканда биз барып жолугарыбызды айтсак ушундай маалыматты таратып жиберишиптир. Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок", - дейт ал.
буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталган.
Садыр Жапаров Москвага 24-февралда эртең менен учат

Президент Садыр Жапаров Москвага 24-февралда эртең менен учат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү өкмөт мүчөлөрү эртерээк учуп кетишет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 24-25-февралда мамлекет башчы катары алгачкы чет элдик сапары менен Орусияга барары белгилүү болгон. Ал иш сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдорун талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысынын Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Орусия ишкерлер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана Орусияда окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу өтөт.

Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Гүлнара-Клара Саматтын элчиликке сунушталып жатканы кабарланган. Ал 2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.

Былтыр октябрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыдан кетер алдында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алган. Жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.

Райымбек Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп жатат

Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору Бакыт Рысбеков Райымбек Матраимов менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Райымбек Матраимов менен жолугуп чыктым. Анын кан басымы көтөрүлүп жатыптыр, керектүү учурда "Тез жардам" чакырылып жатат. Ал кишинин кан басымы мурда да көтөрүлчү экен",- деди ал.

Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматынан бир аз убакыттан кийин маалымат бере турган болду.

18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

20-февралда Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынган.

Матраимовду колдогондор дагы нааразычылык акциясын уюштуруп, алар нааразычылык акциясына “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошоткула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырды?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан