"Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды", - деп бүгүн, 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети расмий кабар таратты.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон.
Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болгон.
Ошондой эле УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйткөн деп айыптоодо. Аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган. Мындан улам ал кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп аталган мекеме жүйөө келтирүүдө.