Анвар Артыков, депутат: "Бир жыл ачка калсак да мейли, "Кумтөр" келишимин жокко чыгаралы"

Парламенттин 9-октябрдагы жыйынында депутат Анвар Артыков "Кумтөр" боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган долбоорду колдоо элге каршы иштөөгө барабар экенин айтты. "Бир жыл ачка калсак да мейли, "Кумтөр" ишин тазалап албасак болбойт. Азыркы сунушталган долбоордун мурунку келишимдерден эч кандай айырмасы жок, керек болсо андан да жаман. Биз жаңы келишим түзүп, пайданы эмес, өндүрүлгөн алтынды тең бөлө тургандай кылышыбыз керек",- дейт Артыков.

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан