Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 9-октябрда карылар үчүн азык-түлүктөрдү тапшырышты. Бул тууралуу борбордук кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты. Марат Аманкулов баш болгон шаардык кеңештеги фракция лидерлери борбордун 4 тургунуна ыраазычылык билдирип, белектерди берип келишти.
Жалпысынан 129 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. “Өз колдору менен тарыхты жасаган кишилер бүгүнкү күндө ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болушууда. Шаардык кеңештин депутаттары катышкан акция - коомчулукту карыларга кам көрүүгө жана моралдык жактан жардам берүүгө чакырган кадамдардын бири”,- деп билдиришти.