Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин кароону 10-октябрда улантат
Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин кароону эртең, 10-октябрда улантат. Чечим парламенттин 9-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйын аягында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбадиев бул ишти чечүүгө депутаттардан жардам берүүнү суранды жана сунушталган меморандум акыркы чечим эмес экендигин эскертти.