Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүк аймагында баңгиликтен жабыр тарткандардын саны 2 713 адамды түзөт. Бул тууралуу Ош шаарындагы Облустар аралык наркология борборунун башкы дарыгери Айгүл Садиева маалымдады. Борбордун маалыматы боюнча, Ош облусунда 536, анын ичинде 9 аял, 318 ийне сайынгандар.
Ош шаарында – 1 455, анын ичинде 84 аял.
Баткен облусунда – 126 киши, анын ичинде бирөө аял.
Жалал-Абад облусунда – 596, анын 18и аял.