Принц Гарринин жубайы Меган Маркл кош бойлуу экендигин жарыялагандан кийин алгачкы жолу күйөөсү менен камералардын алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жакында эле интернетте Калифорниядагы хан сарайында тартылган жылдыздуу түгөйлөрдүн подкастынын жарнамасы пайда болду. 2020-жылдын башынан бери Spotify"га жубайлардын подкасттары жарыяланып келүүдө.
Гарринин айтымында, алардын жаңы форматтагы маектешүүсү "шыктандырат, чакырык таштайт жана үйрөтөт". Үйдө ыңгайлуу шартта жазуу үчүн Меган 4 миң долларлык лимон аппликациясы бар жеңил көйнөк, 7 миң долларлык Cartier билеригин жана ханзаада Гарринин апасы, ханбийке Диананын 25 миң долларга бааланган алтын саатын тагынган.
Жубайлар экинчи баласын күтүп жатышат. Дээрлик эки жыл мурун алар Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин сегизинчи чөбөрөсү Арчи Харрисон Маунтбеттен-Виндзор деген уулдуу болушкан.