Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда биринчи чет элдик иш сапары менен Орусия Федерациясынын Москва шаарына келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошондой эле мамлекет башчысынын Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.
Мындан тышкары, Орусиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Орусиядагы мекендештер жана кыргыз студенттери менен жолугушуулар күтүлүүдө.