Бишкек шаарында эт жана башка азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда мэриядан билдирди.
Маалым болгондой, 2025-жылдын август айынан бери Свердлов районунда 598 текшерүү өтүп, этти белгиленген баадан кымбат саткан соодагерлерге протоколдор түзүлдү.
"Жалпы текшерүүнүн жыйынтыгында, 56 миң сом айып пул салынды. Сатуучуларга баа белгилерин илип коюу, белгиленген чектик бааларды сактоо жана азык-түлүктөрдүн наркын негизсиз жогорулатпоонун талаптары түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, шаар боюнча уй жана кой этин жеткиликтүү баада сатуу үчүн 106 кызматташуу келишими түзүлдү", - деп кошумчалады мекеме.
Муниципалитет бааларга көзөмөл мындан ары да улана турганын билдирди.